Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

"Сейил бактардын жүрүшү-2012" аттуу экологиялык акция өтүп жатат


Бүгүн анын алкагында Бишкектеги балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары Карагач токойчосун тазалашты. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкери Жылдыз Дүйшөнованын “Азаттыкка” маалымдашынча, акция 1-июнь - эл аралык Балдар күнүнө жана 5-июнь - дүйнөлүк Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулду.

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги, “Тилектештик” коомдук кыймылы, Республикалык экология жана туризм балдар борбору тарабынан өткөрүлүп жаткан акция жарандарды жаратылышты сактоого жана жашыл аянтчаларды тазалоого үндөө максатын көздөйт. (TTo/AKu)

XS
SM
MD
LG