Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Ошто элдик кошуундун 1400 өкүлү коопсуздукка көз салууда


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош ШИИБнын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

12-июнга чейин милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Шаар беш аймакка бөлүнүп, милициянын 12 мобилдүү тобу күнү-түнү күзөттө турат.

Интернет булактарындагы тарап жаткан чагымчыл маалыматтардан улам ички иштер министринин буйругу менен калаада милиция 5-июндан тарта күчөтүлгөн тартипке өткөн.

Сүйүнбек Өмүрзаковдун маалыматы боюнча, ушул тапта Ошто абал туруктуу. (SE)

XS
SM
MD
LG