Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Ооганстандын чыгышында төрт француз аскер өлтүрүлдү


Каписа провинциясында талиптердин чабуулунан эл аралык күчтөрдүн курамындагы француздардын төрт аскери өлгөнүн Франциянын президентинин маалымат кызматы тастыктады. Жанкечтинин жардыруусунан дагы 5 француз аскер жарадар болду. Алардын үчөө өтө оор абалда.

Талиптер чабуулду өз мойнуна алаарын жарыялашты.

Ага чейин Ооганстандагы америкалык жана НАТО күчтөрүнүн жетекчиси генерал Жон Аллен шаршембиде Лагор провинциясындагы аскердик операция маалында бейкүнөө адамдардын набыт болгондугу үчүн оогандыктардан кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG