Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Июнь коогасы эскерилүүдө


Бүгүн июнь окуясына 2 жыл болду. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында эскерүү митингдери өттү. Президенттин улуттар аралык жаңжалдарды эскерүү күнү тууралуу чыгарган жардыгына ылайык, бул күнкү митингдерде туу түшүрүлүп, бул окуяда курман болгондор бир минута унчукпай эскерилди. Мамлекеттик жетекчилерден президент Алмазбек Атамбаев Оштогу, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жалал-Абаддагы, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Бишкектеги митинг-реквиемдерге катышты.

Июнь окуясы 2010-жылы 10 июнда болуп, кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы жаңжалда эки тараптан 400дөн ашык адам мерт кетип, ондогон адамдар дарексиз жоголгон. Бул окуяны эки жылдан бери эл аралык, улуттук жана көз карандысыз ондогон комиссиялар иликтешкен. (TTo)

XS
SM
MD
LG