Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

Евро-2012: Голландия баалуу упайдан куржалак калды


Польшада жана Украинада Европа биринчилигинин экинчи күнүндө В тобундагы командалар өз ара ойноду. Голландиянын футболчулары Данияга 0:1 эсебинде утулуп, баалуу упайдан куржалак калды. Эмне дегенде бул топко эң күчтүү өлкөлөр: Германия, Голландия, Португалия жана Дания кирип, ар бир упай алтынга тете болушу мүмкүн. Германия менен Португалиянын беттеши 1:0 эсебинде немистердин жеңиши менен аяктады.

Чемпионаттын биринчи күнүндө А тобунда Орусия Чехияны 4:1 эсебинде утса, майдан ээлери Польша менен Грекия 1:1 болуп тең чыккан. Биринчиликтин 3-күнүндө С тобунда Испания - Италия, Ирландия - Хорватия таймашуусу өтөт. (SJ/TTo)

XS
SM
MD
LG