Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Европа монетардык союзу Испанияга 100 млрд. евро берди


Евромейкиндик ишемби күнкү кезексиз жыйынында Испаниянын банк секторун колдоо үчүн 100 миллиард евро чегерди. Бул чечимди Эл аралык валюта фонду жана өнөр жайы мыкты өнүккөн жети ири өлкө - Чоң Жети евромейкиндиктеги фискалдык саясатты бекемдөөгө жана экономикалык кризистин тереңдөөсүнө каршы багытталган маанилүү кадам деп баалады. 100 миллиондук көмөк пул Франциянын финансы министри Пьер Московичинин айтышынча, “17 мүчөлүү евромейкиндиктеги күчтүү тилектештикти жышааналайт”. Береги жардам Мадридден бюджетти үнөмдүү пайдаланууну же реформаны талап кылбасын Испаниянын финансы министри Луис де Гуиндос билдирди.

XS
SM
MD
LG