Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Оштун элин аягылачы, “олуялар”


Бул макалам бир аз кечикти. Ошентсе да, жаздым... Жазганга мажбур кылышты десем балким туура болоор... Билем, дароо эле оюңузга “Ким мажбур кылды?”,- деген суроо келди. Ким болмок эле, Кыргызстандын бейпилдигин бузгусу келгендерге салым кошуп жаткандар да...

Июнь коогасына эки жыл болуп, кандуу калабанын издери аста-аста жоголуп бараткан учурда чет өлкөдө, же болбосо Кыргызстандын башка бир аймагында отуруп алып, элди дүрбөлөңгө салып жаткандар Оштун жашоочуларын тойгузду. Ооба, тойгузду алар!

Башында чет жерде туруп, ушак-айыңга толо салам-дубайын интернеттеги баракчаларда тараткандар жанды кашайтышты эле. Алардын айынан “Дагы эмне болуп кетээр экен?”,- деп бири-бирине суроолуу карагандар көбөйгөн. “Сиз журналистсиз го, дагы бир балээ башталганы турабы, билип бериңизчи?!”,- дегендердин санын айтпай эле коёюн... Аларга ишенбеңиз, өлкөдөн сыртта отуруп алып, жомок токуп жатышат, буйруса баары тынч,- деп тааныштарды жайгарып жүрсөк, эми Бишкекте отуруп, оюна келгенди жазгандар чыкты...

Активист жаштардан делгендердин бири эки күн мурда Фейсбук аркылуу тараткан маалыматы заматта эле Ошту дүрбөлөңгө салып жиберди. Эмне имиш, Ошто элге курал таратылып жаткан имиш. Мамлекеттик коопсуздук кызматы, милиция бул жөнүндө кабардар болгону менен унчукпай турган имиш деген эле кептер. Жаман кабар тез тарайт тура. Фейсбукта ушул маалымат чыгаары менен жакындарына телефон чалып, “алдыда күтүлүп жаткан окуяны” айтып бергендер көбөйдү. Базарга шашып, азык-түлүк алганга ашыккандарга не дейсиз? Анткени, тигил “акылдуу” фейсбукчу “Азык-оокатты камдап алгыла” деп кеңеш берген эле да... Тиягы Таластан, бул жагы Ала-Букадан телефон чалышып, Оштогу абалга кабатырлангандардын сөзүнөн алар тарапка интернеттеги маалымат ого бетер күчтөнүп жеткени байкалып турду...

Таң калыштуусу, бул кабарды тараткан жигит - кыргызстандык жаштардын активисттеринин бири. Көпчүлүк (алардын арасында мен дагы) бул мырзадан келечекте алгылыктуу иштерди үмүт этчү элем. Атын атагым келбей жатат, бирок анын ким экенин байкап калдыңыз окшойт. Айрыкча, фейсбукчулар дароо билишти. Неге ысымын атагым келбегенинин себеби, анын жакындары окуп алып, кабатырга түшпөсүн деген ой. Бирок ал жигит билдирүүсүн Фейсбукка жайгаштырып жатканда, Оштогу миңдеген кишилердин кабатырланып, дүрбөлөңгө түшүп калаарын ойлоду бекен?

Өкүнчтүүсү, анын маалыматынын астына минтип жазганы туура эместиги, калкты кабатырга салуу адамдык абийирге жат экени айтылган пикирлер жазылып жатса да, сөздөрү “чын экенин” далилдөөгө аракеттене берди. Бир дагы далилдүү факт келтире албаса да, “меники туура”,- деп тырмышып жатты...

“Ишенген кожом сен болсоң” дегендей, мезгил менен тең жүргөн, келечектен көптү үмүттөндүргөн жигиттин бул жоругуна не деп баа берээримди билбей калдым. Анын айткандары бардыгы жалган экенин түшүнүп турсам да, этияттык чараларын көрүүнүн жолдорун издей баштадым... Тартип коргоо органдарына чалып, абалды сурадым. Алар кабатырланууга эч кандай негиз жок дешсе да, буга ишенип турсам да, жүрөгүмдөгү адиксирөө кетпей койду.

Ошол күнү айылдан апам, туугандарымдын жаш балдары меникине конокко келишти эле. “Кокус апаат болуп кетсе, аларды кантем?”,- деген жаман ой мээмде чарк уруп туруп алды (жөн гана чагым катары айтылса да, сөздүн күчү ушунчалык таасирдүү болот турбайбы). Апама карап жылмайып, ичимен интернеттеги билдирүүнү эстеп, не кылаарымды билбей отурдум.

Мен сыңары жүздөгөн кишилер ушундай абалда, жегени тамагынан өтпөй турганын элестеттим да, аларды тынчтандыруу максатында интернетти ачып, “ОШТО БААРЫ ЖАЙЫНДА!”,- деп жазып койдум. Заматта эле фейзбукта отургандар бул пикиримди биринин артынан бири жактыра (like) башташты.

Эки жыл мурун кандуу калабаны башынан өткөргөн шаардыктар үчүн көчөдөгү эки бейбаш өспүрүмдүн өз ара чатакташып кеткени да кыямат-кайымдай сезилип жатканын билгеним, аларга абал стабилдүү экенин жеткирүүнү учур талап кылып жатканын байкадым да, колумдан келишинче элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакыра баштадым. Мында мага негизинен Интернеттеги социалдык тармактар жана андагы досторум көмөк көрсөтүштү, рахмат аларга...

Чын эле, бүгүн Ошумда абал стабилдүү. Бул жердеги элдин тынчтыгын Бишкекте жана чет өлкөдө отуруп алып, интернетке оюна келгенди жазган “эржүрөктөр” бузуп жатышат.

Алыста отуруп алып “олуялык” кылып жаткандардан суранып кетээр элем: Урматтуу достор (аларга бул эки сөз ылайык эмес, ошентсе да...) Тээ алыс жакта отуруп алып, Оштогу абалга, шаардын эртеңки күнүнө “көзү ачыктык” кыла бербегилечи! Биз Ошто жашайбыз! Бул жердеги абал бизге маалым. Силердин обу жок ушагыңардын айынан, терезе “тык” десе, жүрөгүбүз “болк” этип жашаштан тажадык! Силерден тажадык! Оштун элин кыйнай бербегилечи! Силер чет өлкөдө же Бишкекте отуруп алып, бул жердеги абалды каяктан билмек элеңер. Капсалаңды силер көргөн жоксуңар, Оштун эли көргөн. Алар аябай жакшы билет, калаба эмне экенин! Аларды чочулап жашоого мажбур кылбагылачы! Суранам силерден, биз тынч жашагыбыз келет. Оштун элин аягылачы!..
XS
SM
MD
LG