Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Көкжарлыктар бактардын кыйылышына каршы митингге чыкты


Бишкектеги Көк-Жар конушунун элүү чакты тургуну нааразылык акцияга чыгып, аймактагы бир гектердан ашык жердеги бак-дарактарды кыйып, үйлөрдү курууну токтотууну талап кылып жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияга катышып жаткандардын бири Гүлзина Абдыкадырова билдирди.

Көкжарлыктар шаар бийлигин жер жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды бузуп, коррупциялык аракеттерди токтотпой жатат деп айыпташууда. Шаардык архитектуранын өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып жатат.

Ушундай эле акция 6-июнда да өткөн болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG