Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Президенттин Оштогу иш сапары уланууда


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинин ачылышына катышты. Аталган мечит жыйырма миңдей кишиге ылайыкталып, 2007-жылы курула башталган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ага 1 миллион 200 миң сом сарпталып, негизинен жергиликтүү ишкерлердин жана чет элдик демөөрчүлөрдүн каражатына курулду. Оштогу эң чоң мечит болуп эсептелген бул имарат Сулайман-Тоонун алдында жайгашкан.

Өлкө башчысы түштөн кийин Оштон аэропортко кетип бараткан жолдогу Манастын эстелигин ачат. Ал Борбордук Азиядагы эң бийик айкелдердин бири.

Президент кечээ Оштун борбордук аянтындагы “Тынчтык коңгуроосун” ачып, коогада курман болгондору эскерүү иш-чарасына катышкан. Мамлекет жетекчисинин Оштогу иш сапары эртең жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG