Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Шашылыш кабар: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 13-июнга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан тоо этектеген аймактарда сел жүрүп, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

12-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу.

Бишкекте 12-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 13... 15, күндүз 27... 29 градус жылуу болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG