Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Азиянын жана Европанын фондулук биржаларында мунайга баа өстү


Бүгүн Азиядагы фондулук биржаларда мунайга баа өскөнү, евронун долларга карата курсу жогорулаганы байкалды. Эксперттер муну евроаймактын финансы министрлеринин ишембидеги чечими менен байланыштырып жатат. Алар Испаниянын банктарына азыркы кризистен чыгыш үчүн 100 млрд.евродой жардам берүүнү макулдашышкан. Биржалардагы кескин өсүш бүгүн Европанын да бир топ фондуларында катталды. Испания - ушул тапта Греция, Ирландия жана Португалиядан кийин финансылык колдоого муктаж болуп турган төртүнчү өлкө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG