Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Euro-2012: Украина-Швеция, Франция-Англия командалары беттешет


Украинанын улуттук футбол командасы бүгүн алгачкы таймашына чыгат
Украинанын улуттук футбол командасы бүгүн алгачкы таймашына чыгат
Бүгүн Украина өз командасынын оюнунда он миңдеген күйөрманды кабыл алууга даярданууда. “Евро-2012” футбол чемпионатынын алкагында Киевде чемпионатты өткөрүп жаткан Украинанын командасы алгачкы таймашында Швеция менен беттешмекчи. Бийликтердин айтымында, чемпионаттын алгачкы эки күнүндө фанзонада 30 миң литр сыра жана 10 миңдей хот-дог сатылган.

Бүгүн Д тобундагы оюндар Донецкиде да өтөт. Анда Франция менен Англиянын командалары ойношот. Кечээ журналисттердин расизм жөнүндө суроолоруна Украинанын улуттук футбол командасынын башкы тренери Олег Блохин кыжырлана жооп кайтарып, “Украинада расизм жок, бул жерде болгону бир команда экинчиси менен футбол майданында беттешип жатат” деп гана жооп берди.

XS
SM
MD
LG