Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Жемсөөлүккө каршы кызмат ишке киришти


Жаңы кызматтын кызматкерлери. Бишкек, 11-июнь, 2012.
Жаңы кызматтын кызматкерлери. Бишкек, 11-июнь, 2012.

Кыргызстанда мурдагы каржы полициясынын ордуна түзүлгөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы ишин баштады.

Атайын сынактын негизинде ал кызматтын алтымыш пайызы жаңылынып, кырк пайызга чукулун жетекчилик орундардагы мурдагы кызматкерлер түздү. Жаңы курам менен 11-июнда өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жолугушуп, кызмат коррупция менен таза күрөш жүргүзүш үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Иргелип чыккан ишеним

Жаңыдан куралган экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына мурдагы каржы полициясында жетекчилик орундарда иштеген кырк пайызга чукул кызматкер иргелип алынган. Калган алтымыш пайызы сынактан өтпөй калып, алардын ордун жаңы адистер толуктады.

Жыйырма жылдан бери кадр тандоодо алгачкы жолу ачык сынак өткөнүн айткан өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жаңы курам кызматы үчүн эч кимге милдеткер эмес экенин эскертип, таза иштөөгө үндөдү:

- Силерди эч ким бул кызматка келишиңерге себепчи болуп, түртмөлөдүм деп айта албайт. Ачык-айкын тандоонун негизинде ушул кызматка келдиңер. Ошондуктан силер эч кимге милдеткер эмессиңер. Ал эми жанагы каржы полициясынан иргелип алынган жетекчи кызматтагыларга айтарым: сиздер жаңыча иштеп, өзүңүздөрдү көргөзгөнгө убакыт аябай аз бөлүндү. Ошондуктан сиздерге талап катуу болот.

Өмүрбек Бабанов өлкөнү коррупциядан тазалоодо аталган кызматка оор милдет жүктөлгөнүн айтып, таза жана натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлө турганына токтолду.

Ошондой эле ал жаңыдан кабыл алына турган мыйзамга ылайык зыян келтирүүнүн бетин ачкан кызматкерге түшкөн кирешенин жыйырма пайызы сыйлык катары ыйгарыла турганын белгиледи:

- Кандайдыр бир экономикалык кылмышты таап чыгып, аны жазанага кириптер кылсаңар андан түшкөн чегерүүлөрдүн жыйырма пайызын аласыңар. Мисалы, бир миллион сомдук мыйзам бузуу таап, аны калыбына келтирсеңер эки жүз миңи силердин эсебиңерге которулат. Сиздерде мыйзамдуу жана ачык жол менен каръера жасап, миллионер болгонго мүмкүнчүлүк турат. Мына ушундай таза жол менен мамлекетке дагы, өзүңөргө дагы иштегенге жакшы.

“Өнөкөттү өөрчүтпө

2009-жылы бетин ачкан кылмыштардын эсебинен келген кирешенин отуз пайызын каржы полициясынын өзүнө калтыруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Бирок адистер аталган жаңы башталыш натыйжа бербегендигин белгилешкен. Ошондуктан Бабанов белгилеген бул шарттар деле коррупцияны кыскартууга канчалык таасир этеринен күмөн санагандар аз эмес. Бирок өкмөт башчы жаш кызматкерлерге жетекчилери мыйзамсыз көрсөтмө берсе ал тууралуу ачык айтып чыгууга чакырды.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын ыкчам иш алып баруу бөлүмүнө жаңыдан жумушка алынган Амангелди Жумадылов өкмөт башчысынын айткандарын таза иш алып барууга кепилдик бере турган шартнаама катары кабыл алды:

- Бизде эми болгону талыбастан алган билимди колдонуп иштеш керек деген гана ой калды. Өкмөт башчысы өзү ушундай кепилдик берип жаткан соң таза жана натыйжалуу иштегенге милдеттүүбүз.

Өкмөт башчысы быйыл март айында ашкере коррупциялашкан орган катары каржы полициясын түп орду менен жоюуп жиберген болчу. Башында жаңыдан түзүлө турган кызматка мурда каржы полициясында иштебегендерди алуу демилгеси көтөрүлүп, бирок кийин эски курамга сынакка катышууга уруксат берилген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Шайлоо Нарбеков алдыда жаш адистерди эски өнөкөттөн сактап калуу милдети тургандыгын белгиледи:

- Былтыр биздин кызмат тарабынан 37 кызматкерди иштен четтетип, анын жетөөнө кылмыш иши козголгон болчу. Бирок коррупциялашкан кызматкерлерди кармап, тазалоо биз үчүн чынында кыйынга турду. Анан минтип бардыгын жоюп туруп, кайрадан баштаганда мына ошол көмүскө иштер менен белгилүү болгондордун көбү сынактан өтпөй калды. Азыр эми жаштар келгени жакшы болду. Бирок эми аларды мына ошол жаман өнөкөттөн сактап, жакшы жолго буруп, жакшы насаат айтсак ишибиз натыйжалуу болот го деген ойдомун.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматындагы 227 орунга бир миң үч жүздөн ашуун талапкер ат салышты. Тандалып отуруп 467 талапкер сынактан өттү деп табылып, анын 240ы резервге калтырылып, 227си жумушка киришти. Жаңыдан жумушка киргендер үчүн бир жумалык окуу-тажрыйба курстары уюштурулганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG