Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде XIX-XX кылымдардагы кыргыз саймасынын көргөзмөсү ачылат. Музейдин маалымат бөлүмүнөн маалымдашкандай, көргөзмөгө кыргыздын жашоо-тиричилик буюмдарында колдонулган сайманын түрлөрү жана башка элдер менен болгон маданий байланышы тууралуу кабар берген накта этнографиялык материалдар коюлмакчы. Көргөзмөнүн негизги максаты – кыргыздын көркөм маданиятындагы сайманын ролун жана маанисин даңазалоо. Ошондой эле байыркы тикмечилердин жогорку деңгээлин, сайма техникасынын көп жактуулугун көрсөтүү.
Кыргызстанда соңку учурда сайма түшүрүлгөн кийим-кечелер мода боло баштады. (КЕ)
Кыргызстанда соңку учурда сайма түшүрүлгөн кийим-кечелер мода боло баштады. (КЕ)