Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Роза Отунбаева мекендештерге кайрылды


Экс-президент Роза Отунбаева 2-3-августта Бишкек шаарында өтө турган “Мекендештер” форумуна катышуу үчүн чет жактарда жашап жүргөн кыргызстандыктарды чакырды. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда 20 жыл ичинде ар кандай себептер менен мекендештердин туш тарапка окуп, иштеп кеткенин эскерип, эми Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кандай тажрыйбалар, кайсы тармакка көңул буруу зарылдыгын сүйлөшүүгө кезек келгенин белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан кабарлашты.

“Мекендештер” форумуна улутуна карабай Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкусу келген дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы мекендештер, ийгиликке жетишкен, мекенине жардам берүүнү көздөгөн адамдар катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG