Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Грузияда оппозиция лидерине ири айып салынды


Тбилисинин соту “Грузиянын кыялы” блогунун жетекчиси, миллиардер Бидзина Иванишвилиге 90 миллион доллардан ашык суммага айып чегерди. Кечээ сот аны «Грузиянын шайлоо жана саясий каржылоо мыйзамдарын бузду» деп тапты. Иванишвилинин адвокаты Эка Беселия кабарчыларга бул саясий чечим экендигин белгилеп, аны апелляцияга берээрин бышыктады.

Иванишвилинин коалициясы октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бизнесмен өзү келерки жылы президенттик шайлоого талапкердигин коёрун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG