Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Чукул кабар: сел коркунучу сакталууда


Кыргызстанда 13-июнга чейин тоо этектеген аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

13-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу.

Бишкекте 13-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 12... 14, күндүз 26... 28 градус жылуу болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG