Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Кавказ бийи конкурсунун жеңүүчүлөрү Бишкекте гала концерт берет


“Бүтпөс лезгинка” деп аталган Эл аралык фестивал кечээ Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрында аяктады. 4 жаштан өйдөкү курактагы бийчилердин кароосунда биринчи орунду Балкар элдик “Кубаныч” тобу жеңип алды. Экинчи орунга Карачай элдик “Кичинекей жигиттер” тобу ээ болду. Түрктөрдүн “Ахыска” тобу үчүнчү болуп келди. Быйыл Бишкекте экинчи жолу өтүп жаткан кароонун калыстар тобунда белгилүү ырчылар Тата Улан жана Султан Хакимовдор болду. Башкы уюштуруучусу Назби Бапинов мындай шеринелер көчө тополоңдордун алдын алып, маданий өз ара таанышууга салым кошоорун белгиледи. Апрель, июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда улуттар аралык бир катар кагылыштар болгон эле. Гала концерт бүгүн кечинде орус драма театрында болот.

XS
SM
MD
LG