Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Азербайжанда оппозиция митинги таратылды


Республикалык Альтернатива кыймылынын активисттери кармалууда. 12-июнь, 2012-жыл.
Республикалык Альтернатива кыймылынын активисттери кармалууда. 12-июнь, 2012-жыл.
Борбор Бакунун полициясы бүгүн оппозициянын уруксат берилбеген нааразылык акциясын таратып, Республикалык Альтернатива альянсы деген кыймылдын тең төрагасын жана оппозициянын башка активисттерин камакка алды.

Тиешелүү мыйзамга өкмөттүн каржылык жана экономикалык программаларына байланышкан маалыматтарды коомчулуктун алуусун чектеген өзгөртүү киришине каршы чыккан демонстранттар парламент имаратын көздөй бара жаткан жолдо токтотулуп, кармалышты.

Оппозиция активисттеринин айтымында, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр өкмөттүн каржы -экономикалык ишмердигинде ачык-айкындуулукту мурдагыдан да азайтат. (UE)

XS
SM
MD
LG