Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Москвада “Миллиондор маршы” өтүп жатат


"Миллиондор маршына" чыккандар. 12-июнь, Москва.

"Миллиондор маршына" чыккандар. 12-июнь, Москва.

Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн кезектеги акциясы Москванын Пушкин аянтынан башталды.

Жүрүш шаардын борборунун Сахаров аянтында митинг менен аяктайт.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарына караганда, “Миллиондор маршына” чыккандар “Баардык бийлик элге”, “Полициялык мамлекет жоголсун” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүшөт.

Оппозициянын бул акциясы алдында Москвада жарандык активисттердин үйлөрүнө массалык тинтүү жүргүзүлдү. Алардын компьютерлери, телефон жана башка байланыш-маалыматтык жабдыктары алынды.

Ага катар оппозиция активисттери Илья Яшин, Сергей Удальцов, Алексей Навальный, тележурналист Ксения Собчак 6-майдагы митингде демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып барган деген негизге байланыштуу прокурорлор тарабынан суракка алынышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG