Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Варшавада футболду утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Бүгүн Варшавада Орусия менен Польшанын курама командалары беттешет.
Бишкек убактысы боюнча саат түнкү саат 12:45те башталуучу мелдешке, уюштуруучулардын айтымында, 9800 орус күйөрманы, 29300 поляк күйөрманы билет сатып алган.

Поляк полициясы бул мелдешти коштоочу ыктымал тополоңдорду алдын-алуу үчүн канча полиция жайгаштырарын айтуудан баш тартты. Мурда Евро-2012 учурунда Варшавада алты миңдей полицей кызмат өтөөрү маалымдалган.

Польша менен Орусиянын чиеленишкен мамилесинин тарыхы кылымдарга барып такалат. Анын эң акыркысы эле - совет доорунда Польшада орустардын үстөмдүк кылышы.

Европанын футбол чемпионатынын А тобунда бүгүн Вроцлав шаарында Чехия менен Греция да беттешет.(UE)

XS
SM
MD
LG