Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Москвада орус оппозициясынын бүгүнкү жүрүшүнө миңдеген адам чыкты


Москвадагы демонстрациянын катышуучулары. 12-июнь, 2012-жыл.
Москвадагы демонстрациянын катышуучулары. 12-июнь, 2012-жыл.
Алар президент Владимир Путинди кызматтан чегинүүгө жана өлкөнүн шайлоо системасын реформалоого чакырышты. Оппозиция лидерлеринин бири Сергей Удальцов митингде буларды белгиледи:

- Эң башкысы, биздин көздөгөнүбүз – парламентти, президентти мөөнөтсүз, таза жана эркин шайлоону мүмкүн болушунча тез өткөрүү.

Орус оппозициясынын “Миллиондор маршы” деп аталган кезектеги жүрүшүнө, полициянын эсебинде 10 миңдей, уюштуруучулардын айтымында, 20 миңден ашуун адам жыйналды.

Жүрүш Москванын Пушкин аянтынан башталып, Сахаров аянтында митинг менен уланды. “Миллиондор маршына” чыккандар “Бардык бийлик элге”, “Полициялык мамлекет жоголсун”, “Таза бийлик үчүн” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп чыгышты.

Оппозициянын бул акциясы алдында Москвада жарандык активисттердин үйлөрүнө массалык тинтүү жүргүзүлдү. Алардын компьютерлери, телефон жана башка байланыш-маалыматтык жабдыктары алынды.

Ага катар оппозиция активисттери Илья Яшин, Сергей Удальцов, Алексей Навальный, тележурналист Ксения Собчак 6-майда демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып барган митингге байланыштуу прокурорлорго сурак беришти.

АКШ орус бийлигинин оппозицияга жасаган мамилесине терең тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG