Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Азербайжанда президентке кол тийбестик макамы өмүр бою берилди


Мындай мыйзамды бүгүн азери парламенти жактырды. Ага ылайык, президент жана анын жубайы кылмыш жоопкерчилигинен өмүр бою бошотулат.

Президенттин оппоненттери Илхам Алиевди жана анын үй-бүлөсүн бийликти байуу максатында колдонуп жатат деп айыптап келет.

Илхам Алиев – Азербайжандын төртүнчү президенти. Үчүнчү президент, анын атасы Гейдар Алиевдин жана экинчи президент Абулфаз Элчибейдин көзү өтүп кеткен. Бирок биринчи президент Аяз Муталибов учурда Москвада жашайт жана мекенинде анын үстүнөн бир нече кылмыш иши козголгон.

Жаңы мыйзам мурдагы президенттерге жана биринчи жубайлардын баарына жайылтылгандыктан, ал Муталибовдун Азербайжанга кайтуусуна жол ачышы мүмкүн.

Мыйзамды парламенттин кароосуна сунуш кылган депутат Али Хусеиновдун айтымында, документ Азербайжандын демократиялык өнүгүүсүнүн бир бөлүгү катары эсептелиши керек. (UE)

XS
SM
MD
LG