Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Москвада миграция маселеси талкууланат


Бүгүн Москва шаарында КМШ, ЕврАзЭШ жана Жаматтык келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн миграция маселелери боюнча кеңештеринин кезектеги жыйыны башталат. Анда КМШ өлкөлөрүндөгү миграциянын абалы талкууланат. Мындан тышкары аталган уюмдардын алкагында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралат. Жыйынга Кыргызстандан тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, Тышкы миграция департаментинин директору Куштарбек Айтматов катышат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG