Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

№1 түрмө башчысы кызматынан алынган жок


Жаза аткаруу кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков кызматынан алынган жок. Бул маалыматты Жусупбеков өзү да “Азаттыкка” тастыктады.

Ушул жылдын январь айында Кыргызстанда абактарда массалык нааразылык акция өтүп, жүздөгөн адамдар ооздорун төөнөп алышкан эле. Алар Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин, абактардагы шарттын оңолушун талап кылышкан.

Он күнгө созулган бул акция №1 абакта башталган. Жаза аткаруу кызматы анын алдында аталган түрмөдө атайын операция жүргүзгөн. Бейрасмий маалыматтар боюнча №1 абак кылмыш чөйрөсүнүн уюгу, каражат топтой турган негизги жери аталып келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG