Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Жалал-Абад: Экстремизм, миграция боюнча 100дөн ашуун кылмыш катталды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү жыл башынан бери “Нелегал”, "Мигрант" жана “Экстремист” аттуу атайын операцияларды өткөрдү. Анын натыйжасында мыйзамсыз миграция жана диний экстремизм боюнча 110 факт катталды. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. Анын айтымында, алардын арасынан 29 факт боюнча 24 кылмыш иш козголду.

Диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнөн 297 китеп, 442 баракча, 515 компакт-диск, 2 кол компьютери, 69 аудио-видео кассеталар менен 61 кол жазма алынды.

Кыргызстанда ишмердүүлүгү тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын облуста 510 мүчөсү каттоого алынган. Алардын 50дөйү аялдар. (YA)

XS
SM
MD
LG