Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Иракта жардыруулардан 60тан ашуун киши набыт болду


Жергиликтүү полициянын жана дарыгерлердин маалыматына караганда, жардыруудан кеминде эле 60 киши набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алды. Набыт болгондордун көпчүлүгү шийи зыяратчылары экени кабарланууда. Жардыруунун бир бөлүгү Мухаммед пайгамбардын мураскери деп эсептелген Мусса аль-Хадиманын каза болгон күнүн белгилөө үчүн сапарга чыгып жаткан шийилер топтолгон жерде орун алган. Ушул эле күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Хилла шаарында көбүнесе полиция кызматкерлери тамактанчу ресторандын жанында эки автоунаа жарылып, 22 адам набыт болуп, 38и жаракат алды. Дагы 4 киши шийилер басымдуулук кылган Балад шаарындагы жардырууда набыт болду. Полиция соңку күндөрү шийилерге кол салуу күчөгөнүн айтууда.

XS
SM
MD
LG