Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Лавров АКШны сирия оппозициясына курал жеткирүүдө деп айыптады


Иранга иш-сапары менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ сириялык оппозицияны курал менен камсыздап жатат деген айыптоону айтты. Ал ошондой эле АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун “Орусия Башар Асаддын режимине тик учактарды жеткирүүдө” деген айыптоосун четке какты.

Министр Лавров Иран жетекчилиги менен кездешүүсүндө Сириядагы кырдаалды жана ирандын ядролук программасын талкуулады. Ядролук программа боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы 18-19-июнда Москвада өтөт.

XS
SM
MD
LG