Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Жол торогондорго айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралууда


Жолдорду тороп, ишканалардын ишине тоскоол болгон мыйзамсыз акцияларды уюштургандарга айып пулдун көлөмү көбөйтүлөт. Буга байланыштуу атайын мыйзам долбоор иштелип чыгарын 13-июнда премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай митинг, акциялар өлкө экономикасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Ал эми айып пулдун көлөмү бир миллион сомго барышы мүмкүн. Эгер экологиялык талаптарды бузган болсо 10 миң сом айып төгөт.

Ушул айдын башында Жети-Өгүз районундагы жаштар тобу Кумтөр боюнча наарызылык акциясына чыгып, Барскоон айылындагы Кумтөргө кетчү жолду тоскон. Жаштар тобу "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, коомчулук менен байланыш менеджерин жоопко тартуу талабын коюшкан. Эксперттер бул ишкана ишине тоскоол болуп жатканын айтышкан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG