Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Тажикстанда президенттин күйөө баласын атып кетишти


Маркум Холмумин Сафаров.
Маркум Холмумин Сафаров.
Президент Эмомали Рахмондун улуу карындашынын жубайы Холмумин Сафаров расмий маалыматка караганда, шаршембинин кечинде белгисиз адамдардан бир нече жолу ок жеп, мерт болду. Аны борбор Душанбеде өз үйүнүн жанындагы мечитке, кечки намазга барып, кайтып келе жатканда атышкан.

57 жаштагы Сафаров акыркы үч жылдан бери “Тажиктокой” деп аталган мамлекеттик ишкананы башкарчу.

Тажикстанда да президенттин жакын туугандарынын көпчлүгү банктарды жана ири компанияларды көзөмөлдөгөнү менен Холмумин Сафаров чоң бизнеске аралашканы белгилүү эмес болчу.

Анткен менен талдоочулар анын атылышы бизнес менен байланыштуу деп болжошууда. Тажик ички иштер министрлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө баштады.(UE)

XS
SM
MD
LG