Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ош мэри өкмөт жыйынынан эмнеге чыгып кетти?


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 13-июнда өкмөт жыйынынан капилет чыгып кетиши түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратты.

Борбордук бийлик менен Ош шаарынын мэри эки жылдан бери тил табыша албай келет. Бишкектин мэрди кызматтан алуу боюнча бир канча аракети натыйжа бербегени да белгилүү. Кандуу окуялар орун алган шаардын мэринин айланасындагы кичинекей окуялар да түрдүү түкшүмөлдөрдү жана уу-дуу кептерди жаратып жиберүүдө. Мына ошондой окуялардын бири 13-июнда болуп өттү.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов азыркы бийлик үчүн жомоктогу "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” дөөгө айланган сыяктуу.

Бийлик ага башка кызматтарды убада кылып көрдү, ага болбоду. Шайлоо болду, анда да жеңип чыкты. Жаңы шайланган Ош шаардык кеңеши күзүндө Мелис Мырзакматовду кайрадан шайлап алууга аракеттенет. Бул үчүн шаардык кеңеште Мырзакматовдун депутаттары да жетиштүү.

Бирок борбор мэрди кызматтан алуунун жана дайындоонун мыйзамдык жолун тактап жатат. 12-июнда Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинде “Ош шаарынын мэри жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул долбоордо мэрди дайындоо жана кызматтан алууда артыкчылык өкмөт башчыга берилет.

Комитеттин мүчөсү Абдыжапар Бегматов мыйзамда мэрликке талапкерди көрсөтүүнүн эки жолу каралып жатканын билдирди:

- Биринчи вариант боюнча, премьер-министр талапкерди сунуш кылат. Депутаттар шайлап алат. Экинчи вариантта - коалициялык көпчүлүк бир бүтүмгө келип туруп, премьер-министрге сунуш кылат. Анан өкмөт башчы бекитет. Эки вариантын тең биз палатага сунуш кылып жатабыз. Анан эми шайлоого эле барат го...

Мэрди кызматтан алууда да өкмөт башчынын ролу чечүүчү болот. Буга чейин андай роль президентте болуп келген эле.

Мелис Мырзакматовдун бийликтеги саясий күчтөргө баш ийбеген өз алдынчалыгы борборго кескин жакпай, эки ортодо тирешүүлөр болуп келатканы маалым. Мына ошондуктан Мырзакматовдун ар бир кадамы ар кандай ой жорууларды пайда кылып жиберүүдө.

Мына ошондой түкшүмөлдөргө жем берген окуялардын бири 13-июнда болду. Бул күнү өкмөттүн жыйынында өлкөнүн экономикалык абалы талкууга алынган. Жыйын учурунда Мелис мырза өзүн начар сезип, сыртка чыгып кеткен. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов эмоцияга берилип, мэрди жыйынга кайра чакырып келүүнү буйруган.

Чындыгында бул өзгөчө бир маани бере турган деле окуя эмес. Бирок белгилүү себептер ага аргасыз кылууда.

Мелис Мырзакматов өзү “Азаттыктын” кабарчысы менен 13-июнда сүйлөшүүсүндө "ооруканага жатып калды" деген сөздөрдү төгүндөп, “ден-соолугу жайында” экенин билдирген.

Мэрдин биринчи орун басары Алимжан Байгазаков болсо Мелис Мырзакматовдун чындыгында эле кан басымы жогору болуп жатканын айтат:

- Ал өзү ооруп аткан. Кичине кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Өткөндө дагы президенттин Оштогу сапарынын акыркы күнү ооруп, дарыланган. Өзү дарылансам деп пландаштырып жаткан.

Мелис Мырзакматов өкмөт алдында отчет берер алдында ушундай окуяга туш болду. Ошондуктан Ош шаарынын көрсөткүчтөрү начар болгондуктан мэр отчет берүүдөн качты деген кептер да чыгып кетти. Бирок Алимжан Байгазаковдун айтымында, шаардын көрсөткүчтөрү дурус:

- Шаардын экономикасы биз пландаштыргандай эле жакшы баратат. Беш айдын жыйынтыгы боюнча, 133% өсүш болду. Ошондуктан бул жагынан бизде баары жайында.

Байгазаковдун айтымында, өсүштү жергиликтүү ишкерлер жасап жатат. Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция өткөн жылы дурус көрсөткүчтөрдү берип, бирок быйылкы жылы 45% төмөндөп кетти.

Ошто айлык акы, бюджеттик төлөмдөр азырынча берилип жатат. Бирок жыл соңуна барганда татаалчылык пайда болот. Анткени болжолдонгон салык жыйналбай калчудай, дейт Байгазаков.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG