Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Өзбекстан Казакстан аскерлерин ШКУнун машыгуусуна өткөрбөй койду


Тажикстандын Согди облусунун аймагында ШКУнун машыгуусуна катышкан аскерлер. 14-июнь, 2012-жыл.

Тажикстандын Согди облусунун аймагында ШКУнун машыгуусуна катышкан аскерлер. 14-июнь, 2012-жыл.

Казак расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Өзбекстан Казакстан аскерлерине алардын аймагы аркылуу Тажикстанга өтүүсүнө жол бербей койду.

Мындан улам ШКУнун Тажикстанда өткөн аптада башталып, бүгүн аяктаган машыгуусуна жетүү үчүн казак аскерлери Кыргызстандын аймагын пайдаланды.

Бул тууралуу бүгүн Дүйшөмбүдөн кабарчыларга Казакстандын аскерий атташеси Серик Жумадилов билдирди.

ШКУнун Тажикстандагы машыгуусуна конок ээсинен тышкары Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Орусия катышты.

Өзбекстан ШКУга мүчө болгону менен машыгууга барган жок.

Орусия коргоо министринин орун басары Дмитрий Булгаковдун айтымында, аскерий машыгуулар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бул жааттагы кызматташтыгын чыңдоодо. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG