Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Орусия Кыргызстанды кызганып жатат


Кыргызстандын президенти 7-июнда Кытайга иш сапары менен барган.
Кыргызстандын президенти 7-июнда Кытайга иш сапары менен барган.

Кыргызстандын Кытай менен ымала түзүп, ири долбоорлорду башташы айрым орусиячыл күчтөрдү чочута баштады.

Мындай маанай Бишкекте өткөн Кыргызстандын Кытай жана Бажы биримдиги менен мамилесин талкуулаган тегерек үстөлдө таасын байкалды. Кыргыз бийликтери улуттук кызыкчылыкка туура келген бардык өлкөлөр менен мамиле күтө турганын билдирүүдө.

Аза Мигранян КМШ өлкөлөр институтунун Бишкектеги бөлүмүнүн эксперти. Ал Кыргызстандын тышкы саясатындагы көйгөйлөрдү иликтеп келет.

Миграняндын айтымында, Кыргызстан азыркыдай оор кырдаалдан өз күчү менен чыга албайт. Мындан улам өлкө кызыкчылыгына дал келген күчтүү өнөктөш керек жана мындай мындай ролго эксперт Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдү, айрыкча Орусияны көрүп жатканын билдирүүдө:

- Азыркы кыргыз коому жана кыргыз экономикасынын керектөөлөрүн эске алганда биз Евразиялык мейкиндикке багыт алышыбыз керек. Бул аймактагы өлкөлөр да бизди чакырып жатышат. Башкалар бул багытта бара жатканы үчүн эле эмес, мындай пайда көп болгону үчүн айтып жатам. Башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү керек, бирок абдан кылдат болуш керек.

Бишкектеги тегерек үстөлгө катышкан талдоочулардын көпчүлүгү Мигранян менен пикирлеш. Алардын баамында, Кыргызстандын кызыкчылыгына Орусия баш болгон Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр төп келет жана Кытайга караганда бул өлкөлөргө артыкчылык бериши керек.

Орусияга жан тарткандын көпчүлүгү бул өлкөдө миллиондон кыргыз мигранттары иштегенин, күйүүчү майга көз карандылыкты жана узак мезгил тарыхый байланышты жүйө катары кармашат. Жогорку Кенештин депутаты Акматбек Келдибеков карапайым калк эчак эле өз тандоосун жасаганын белгилейт:

- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы КМШ өлкөлөрү менен тарыхый жактан байланыштабыз. Буга кошумча болуп учурда бир жарым миллиондой жараныбыз Орусияда иштеп жүрүшөт. 5 миллиондон ашык калкыбыздын 1 жарым миллиону ким менен иштеп, кандай иштөөнүн жолун көрсөттү. Алар жыл сайын өлкөнүн 3 миллиард доллардан ашык акча салышат.

Долбоорлор да, убадалар да көп

Эксперттердин мындай чакырыктарына карабастан кыргыз бийликтери улуттук кызыкчылыкка туура келген бардык өлкөлөр менен мамиле күтөөрүн билдиришүүдө. Өкмөткө караштуу стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Мелис Жунушалиев буларга токтолду:

- Албетте Бажы союзу бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип жатат. Бирок башка жагынан бизге пайдалуу болсо Кытай менен байланыштарды күчөтө беребиз. Бул маанилүү инвестициялык долбоорлор болушу мүмкүн. Негизгиси, биз улуттук кызыкчылыкка дал келген тандоонун чегинде мамиле курабыз.

Эксперттер буга чейин көбүн эсе кыргыз бийликтери Орусияны негизги стратегиялык өнөктөш катары санап, анын айтканынан чыкпай келгенин айтышат. Бирок соңку мезгилде Кыргызстан Түркия, Кытай менен ымаласын күчөттү. Акыркы эле мисал катары Алмазбек Атамбаев Кытайга расмий сапар менен барып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, "Датка-Кемин" электр линиясы сыяктуу ири курулуштар боюнча макулдашты.

Мындай алакаларга удаа эле Бажы биримдигине жан тарткан билдирүүлөрдүн жасалып жатышын атайын уюштурулган иш-чара катары баалагандар чыгууда. Көз карандысыз эксперт Азамат Акелеев Орусия убада берген Камбар-Ата ГЭСин куруу, “Дастан” заводу боюнча өз милдеттерин аткарбаганын эске салып, Бажы биримдиги деле сөз жүзүндөгү пайдасыз долбоор болушу мүмкүн деп чочулайт:

- Бажы биримдигинин мындан ары иштеп кетишине күмөн санагандар арбын. Себеби узак мөөнөттүү стратегия көрүнгөн жок, жөн гана саясий максатта, кайсы бир өлкө жетекчилеринин жеке саясий кызыкчылыгына уюштурулган уюм сыяктуу сезилет. Ал эми Кытай менен дүйнөнүн баары кызматташууга кызыкдар болуп турганда бизда ушундан пайдаланышыбыз керек.

Кыргызстан Бажы биримдигине кириши акыркы эки жылдан бери талкууланып келет. Кыргыз бийликтери Орусия, Казакстан, Беларус мүчө бул уюмга кирүүгө даярдыгын билдирип, 2013-жылга чейин даярданууга убакыт сураган. Бирок коомчулукта Кыргызстан бул уюмга кирсе, баалар көтөрүлүп, Кытайдан алып сатуу менен алектеген миңдеген жарандар жабыр тартат деген пикирлер күч.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG