Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Египетте парламентти таркатуу талкууланууда


Жогорку Конституциялык соттун отуруму күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Каир, 14-июнь, 2012-жыл.
Жогорку Конституциялык соттун отуруму күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Каир, 14-июнь, 2012-жыл.
Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, өлкөнүн Жогорку Конституциялык соту бүгүн парламент депутаттарынын үчтөн бир бөлүгү мыйзамсыз шайланган жана ал таратылуусу керек деген бүтүм чыгарган.

Египеттин азыркы парламентиндеги орундардын жарымын исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылы көзөмөлдөйт.

Мамлекеттик сыналгынын кабарына караганда, бийликтеги Аскерий кеңеш сот чечимин талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүүдө.

Жогорку Конституциялык соттун бүгүнкү бүтүмү президентик шайлоонун экинчи айлампасы алдында чыкты.

Шайлоонун ушул дем алыш күндөргө белгиленген экинчи айлампасында “Мусулман агаиндер” кыймылынын талапкери Мохаммед Мурси менен мурдагы президент Хосни Мубарактын тушунда акыркы премьер мнистр болгон Ахмед Шафик атаандашат.

Бүгүн Жогорку конституциялык сот өзүнүн дагы бир чечими менен Шафик шайлоонун экинчи айлампасына катыша алат деп тапты.

Башкача айтканда мурдагы президент Мубарктын тушунда жогорку бийликте тургандар кайра мамлекеттик кызматты ээлөөгө талаптануусуна тыюу салган мыйзамды четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG