Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Жумгалдан 9 бала Бангладешке медреселерге кеткен


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты. Нарындагы кабарчыбыз Токтосун Шамбетовдун билдиришинче, алар мектеп жашындагы тестиер балдар, кеткендерине жарым жылдан ашкан. Балдардын ата-энелери динди кармаган адамдар жана бул тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тартууда. Жергиликтүү тургундар Жумгалдан буга чейин адамдар Бангладешке төрт айга дааватка барып жүргөнүн айтып жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин Нарындан 10-15 жаштагы балдарды Бангладешке диний окуу жайларга алып кеткен деген фактылар текшерилип жатканын билдирген болчу. Алдын ала маалымат боюнча, буга “Таблиги жамаат” диний кыймылынын тиешеси бар болушу мүмкүн экени айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG