Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Грекияда бүгүн шайлоого үгүт иши токтойт


Грекияда кайрадан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялар бүгүн шайлоочулар менен жолугушууларды токтотуп, үгүт иштерин жыйынтыктайт. Алдыдагы шайлоо Грекиянын экономикалык келечегин, Евро аймакта калаар калбасын аныктайт деп күтүлүүдө. Бейрасмий сурамжылоолордун жыйынтыгы бюджеттик кыскартуулардан баш тарткан партиялардын кадыры акыркы учурда бир топ төмөндөгөнүн көрсөттү.

Грекиядагы парламенттик шайлоого 7 партия ат салышууда, алардын ичинен “Жаңы демократия” жана ПАСОК партиялары Евро Союз менен кызматташып, алар койгон шарттарды аткарууга макул. Калган беш партиянын ичинен коммунисттер гана Грекияны Евроаймактан чыгышы керек деген позицияны карманууда.

Грекияда май айында өткөн парламенттик шайлоодон кийин коалиция куралбай, кайра шайлоо 17-июнга белгиленген.

XS
SM
MD
LG