Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Президент Обама Сауд Аравиянын падышасы Абдалла менен сүйлөштү


Ак үй тараткан маалыматка караганда, эки лидер Сириядагы кризисти талкуулашты. Сауд Аравия Сирияда жаңжал тутангандан бери эле сириялык оппозицияга колдоо көрсөтүп, чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамдарды согуш жүрүп жаткан райондорго жеткирип келет.

Мындан сырткары 1-июлдан тарта эл аралык байкоочулар менен кызматташууну каалабаган жана уран байытуудан баш тарткан Иранга каршы жаңы санкция күчүнө кирет. Бул жаатта Сауд Аравия Кошмо Штаттардын позициясын колдоп келет.

XS
SM
MD
LG