Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Күйүүчү май ташыган унаалар кыргыз-өзбек чек арасында калды


Баткен облусунун Лейлек районуна күйүүчү май тартып бараткан 15 чакты унаа азыр кыргыз-өзбек чек арасынын ортосунда токтоп турат. Бул тууралуу өзүн Бектур Осмонов деп тааныштырган айдоочу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап унааларды өткөрбөй кармап турат, Өзбекстандын чек арачылары болсо унааларды камакка алганы жатат.

Өкмөттүн 2012-жылдын 10-майындагы токтомуна ылайык, өлкөнүн ички жолдорунда 44 тоннадан ашык салмактагы унааларга жүрүүгө тыюу салынган болчу.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев мунун айынан Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы пайда болду деп билдирген эле. Өлкө аймагында 300дөн ашуун күйүүчү май тарткан унаа токтоп турганы кабарланууда.

Буга чейин май ташыган машинелердин айдоочулары “Азаттыкка” кайрылып, алар 30-32 тонна жүк ташып жатканын, ошондой эле салмакта жүк ташыган Тажикстандын машинелери кечкисин өтүп жатканын кабарлашкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG