Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Грекияда бүгүн шайлоо үгүтү токтойт


Грекияда кайрадан парламенттик шайлоого ат алышып жаткан партиялар бүгүн шайлоочулар менен жолугушууларды токтотуп, үгүт иштерин жыйынтыктайт. Алдыдагы шайлоо Грекиянын экономикалык келечегин, Евроаймакта калаар- калбасын аныктайт деп күтүлүүдө. Бейрасмий сурамжылоолордун жыйынтыгы бюджеттик кыскартуулардан баш тарткан партиялардын кадыры акыркы учурда бир топ төмөндөгөнүн көрсөттү.

Грекиядагы парламенттик шайлоого 7 партия ат салышууда, алардын ичинен “Жаңы демократия” жана ПАСОК партиялары Евробиримдик менен кызматташып, алар койгон шарттарды аткарууга макул. Калган беш партиянын ичинен коммунисттер гана Грекия Евроаймактан чыгышы керек деген позицияны карманууда. Грекияда май айында өткөн парламенттик шайлоодон кийин коалиция куралбай, кайра шайлоо 17-июнга белгиленген.

XS
SM
MD
LG