Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Кызды ала качкан жигит камакка алынды


Тергөө иштери бүткөнгө чейин 35 жаштагы Шайымбек Иманакунов эки айга камакка алынды. Ак-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары Кудайберген Кендирбаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, мындай чечимди Ак-Суу райондук соту 15-июнда чыгарды.

20 жаштагы Ырыс Касымбай кызы аны ала качкандан кийин өз жанын кыйган. Маркумдун ата-энеси кызынын өлүмү үчүн ала качкан тарапты – мурда эки жолу ажырашкан 35 жаштагы Шайымбек Иманакуновду айыптап, милицияга арыз менен кайрылган. Ак-Суу райондук милициясы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. (МК)

XS
SM
MD
LG