Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Индияда ири автокырсык катталды


Индиянын батыш тарабындагы Махараштра штатында автокырсыктан 32 адам набыт болуп, 20 киши жаракат алды. Полициянын маалыматы боюнча зыяраттан кайткан жүргүнчүлөр менен келаткан автобус көпүрөдөн чоң капчыгайды көздөй кирип кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму начар жолдордон жана жол эрежесин сактабай аварияга кабылган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында дал ушул Индия турарын айтышты. 2010-жылы Индияда жол кырсыгынан бир эле күндө орточо эсеп менен 366 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG