Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстан менен Орусиянын ишкерлери жолугушту


Ишембиде Кыргызстандын соода палатасында жергиликттүү ишкерлер Орусиянын Борбор Азиядагы соода-өндүрүш палатасынын өкүлү Виктор Жигулин, Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Владимир Некрасов менен жолугушту. Алар Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүн талкуулашты. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын соода палатасы таратты.

Соода палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев Кыргызстан Бажы союзуна кирүүгө арыз бергенин жана чечиш керек болгон көп маселелер турганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын соода палатасы менен Орусиянын соода өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Анда негизинен эки тараптын ишкерлеринин бири-бирине көмөктөшүүсү каралган. Бул сыяктуу келишимдерден азыр он беши бар. (AKu)

XS
SM
MD
LG