Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Жайкы олимпиадага сатылган билеттер териштирилүүдө


Ишемби күнү эл аралык олимпиадалык комитет Лондондогу жайкы олимпиада оюндарына билеттердин мыйзамсыз сатылып жатканын иликтөөгө киришти. Британ гезити “Сан Дей” айрым өлкөлөрдүн улуттук олимпиада комитеттери миңдеген билеттерди мыйзамсыз сатыкка чыгарды деп жарыялады. Ушундан улам эл аралык олимпиада комитети чукул жыйын өткөрдү. Гезиттин жазышынча, билеттердин жең ичинен сатылуусуна 27 чиновник аралашкан.

Эл аралык комитет улуттук комитеттерге санкция жарыялаарын билдирди.

Украинанын улуттук комитетинин баш катчысы Владимир Гращенко май айында ушундай ызы-чуу менен иштен алынган болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG