Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстанда майда мал жандыктарын эмдөө башталды


Быйылкы мал ылаңдарына каршы эмдөө май айында башталды. Азыр бруцеллез ылаңына каршы эмдөөгө пландаштырылган 3 миллион кой-эчкинин 30 пайызы эмделип бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Ирена Байтанаева билдирди.

Кой-эчкилер эмделчү вакцина министрликтин долбоорлору тарабынан акысыз берилүүдө. Ветеринарлар кызматына 6 сомдон алат. Бул вакцина Дүйнөлүк банк жана Европа Союзу сыяктуу донорлор тарабынан камсыздалып жатат.

Кыргызстанда жалпы үй жандыктары эң коркунучтуу жана жугуштуу оорунун 6 түрүнө каршы эмделет. Алар: бруцеллез, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, шарп жана кой-эчкинин кыргыны. Негизинен эмдөө жаз жана күз айларында жүргүзүлүшү керек. Быйылдан тарта бул оорулардын алдын-алууга да донордук каражаттарды тартуу каралууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG