Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Нигерияда чиркөөлөргө кол салуу болду


Маалыматтарга караганда, Нигериянын түндүгүндө чиркөөлөргө жан кечтилер кол салганда жана андан кийинки тополоңдордо аз дегенде 36 кишинин жаны кыйылды. Алгач үч чиркөөдөгү жардырууда 16 киши набыт болуп, ондогон адам жараат алды. Кандуна шаарында бомбалоодон кийинки тополоңдо аз дегенде 20 кишинин өлүгү чыкты. Бийликтер христиан жаштар мусулмандарга кол салгандыгын, өрттөлгөн өлүктөрдү таануу мүмкүн эместигин айтууда. Чиркөөлөргө кол салууну кимдер уюштурганы анык эмес, бирок калктын жарымы христиан, жарымы мусулман болгон Нигерияда адатта чиркөөдөгү тааттын мезгилинде Боко Харам деп аталган исламчыл топ кол салган уручлар көп катталган. (JCh)

XS
SM
MD
LG