Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

МакКартни 70ке чыкты


"Битлз" тобунун мурдагы мүчөсү, атагы бүт дүйнөгө таркаган Пол МакКартни бүгүн 70ке чыгууда. Англиянын түндүгүндөгү Ливерпул шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган Маккартней Жорж Харрисон менен ырдап баштаган, кийин Жонн Леннонго жолугуп, Ринго Стар менен "Битлз" тобун түзгөн. Дүйнөдөгү бардык замандардагы эң мыкты рок-тобу деп саналган "Битзлде" Маккартни Леннон менен көптөгөн ырларды чогуу жазышкан. Анын Yesterday, же “Кечээ” деген ырын башка ырчылар 2 миңден ашык жолу ырдап чыгышкан. Ушул айдын башында МакКартни Англиянын ханышасы Элизаветанын алмаз мааракесинде ырдады, эле эми келерки айда Лондондо Жайкы Олимпия оюндарынын ачылышына катышат. (JCh)

XS
SM
MD
LG