Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Аскер бөлүктүн кызматкеринин өлүмү боюнча иш иликтенүүдө


Баткендеги Аскер бөлүктүн каржы иштери боюнча бөлүм башчысы Элдар Бекиевдин өлүмүнө байланыштуу кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Айтбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иш козголгон жок, болгону кызматтык териштирүү жүрүүдө.

8-июнда Элдар Бекиевдин асынган денеси Ноокаттагы үйүнүн мал короосунда табылган.

Маркумдун атасы жана жубайы ал өлөөр алдында мындай кадамга барышына аскер прокуратурасынын бир тергөөчүсү себеп болгону, андан беш миң доллар талап кылынганы тууралуу кат калтырып кеткенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG