Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Муфтийге каршы топ митингге чыкты


Учурда Ак үйдүн алдында 20 чакты адамдан турган топ митинг өткөрүүдө. Алар муфтий Чубак ажы Жалилов жана анын тегерегиндеги диний билими жок адамдар муфтияттан кетсин деген талапты коюшууда. Алардын оюнча, мусулман дин башкармалыгында салттуу исламды тутунган адамдар иштеш керек. Нааразы топ азыркы муфтий мыйзамсыз келген жана муфтийди Уламалар кеңеши шайлап, Кыргызстан мусулмандар курултайы бекитиш керек деп эсептейт.

Митингге чыккандар өлкө президенти менен Жогорку Кеңеш төрагасына кайрылуу жолдоп, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга аракет кылып жатышканын да кабарлашты.

Кыргызстанда көптөн бери муфтийдин тегерегиндеги талаш уланып келатат. Муфтият болсо ажылыкты уюштурууну колго алууга кызыкдар топ муфтийди кетирүү аракетин көрүп жатканын, булардын артында курамында бийлик өкүлдөрү бар топ тураарын айтып келет. Дин башкармалыгы муфтий Чубак ажы Жалилов мыйзам жолу менен шайланып келгенин буга чейин билдирген. (SM)

XS
SM
MD
LG