Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Ошурахунова коалиция башында калды


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын президенттигине кайрадан Динара Ошурахунова бекитилди. 16-июнда Бишкекте өткөн жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Уюмдун башкы ассамблеясы деп аталган жыйынга Кыргызстандын бардык аймактарынан 81 делегат катышты. Ошурахунованын талапкерлигин көпчүлүк колдоду. Коалиция соңку үч жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы максаттарын аныктап алды. Ошурахунова коалицияны 2007-жылдан бери башкарып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG