Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

БУУ: 2011-жылы качкындардын саны көбөйгөн


БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты соңку докладында былтыр дүйнө жүзү боюнча ар кыл жаңжалдардын айынан 800 миңдей киши качкынга айланганын жазып чыкты. 2000-жылдан бери 12 айдын ичинде мынча көп качкын пайда болгон эмес. Ошол эле маалда рекорддук 3,2 миллион киши үйлөрүнө кайтып барган.

Натыйжада качкындар менен өлкөнүн ичинде орун которгон адамдардын саны 42,5 миллион кишини түздү. 2011- жылы качкындар негизинен Ливия, Судан жана Сомалидеги чыр-чатактардан улам көбөйгөн. Комиссариаттын маалыматына караганда, эң көп качкын – 2,7 миллион - Ооганстанга туура келет. Жалпысынан качкындардын басымдуу көбү 5 жылдан ашуун убакыттан бери бөтөн жерде баш калкалоого муктаж. 20-июнь – БУУнун Качкындар күнү.

XS
SM
MD
LG